ЭЛДИК КАБАР: Оштун тургундары шаардагы жол чырактарды оңдоону мэриядан суранышууда

"Ош шаарындагы Тыныстанов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Кудайберди" унаа тетиктери базарынын алдындагы жол чырактар мышык ыйлагыдай абалда", - деп бүгүн, 7-ноябрда SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жол сызыктары да көрүнбөй калган. "Бул жол аркылуу аэропорттон келе жаткан туристтер жана беделдүү коноктор өтүшөт. Жолдун абалы да өтө начар. Шаар бийлиги ушул маселеге, ушул жолго көңүл буруп койсо болмок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nur1k
2016-11-07 17:48:24
Мышык ыйлагыдай))
+1
ZHYRGAl1412
2016-11-07 17:49:47
Талап кылыш керек
0
Isken.der
2016-11-07 18:27:19
жол чырак эмес, түстүү чырак болот!!
-7
gugu2727
2016-11-07 22:56:57
Isken.der,светофор эле болот
+1
Dersu
2016-11-07 19:56:07
Тыныстанов эмес Касымбеков
+1
Djal1987
2016-11-07 19:57:59
Озу негизи биз озубуз талап кылып арыз жазып корсотуп видеого тартып аракет кылбасак конул бурушпайт.
+3
simone
2016-11-07 21:26:46
Мышык ыйлайт чындап эле...
+1
azamat.k
2016-11-08 08:26:27
Чынында Касымбеков кочосун ондош керек.Касымбеков кочо менен Кара сууга бурула бериштеги светофорго жакын асфальт аябай шпал болуп калган да,кундузу туну оор жук ташыган машинелер пустой откондо уга бер да согуш болуп атышып жаткандай тарс тарс тарс уйлор титиреп турат.Ушул жерлерди да карап коюшса жакшы болмок.
0
KG.2606.Noo
2016-11-08 16:12:26
Урматтуу жердештерим дагы 5 жыл чыдасак башка мэр келет.ошол жаны мэрден узулбогон умут ойго ашар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан