“Кумтөр” маселеси Кыргызстандын пайдасына чечилет деп ойлойм”,- деди Ысык-Көл облусунун тургундары менен болгон жолугушуу учурунда президент Алмазбек Атамбаев. Жергиликтүү жашоочулар өлкө башчысына айлык акы маселеси боюнча да көптөгөн суроолорду берип, жооп алышты. Өз сөзүндө президент: “Кыргызстандын экономикасы өнүкмөйүнчө маяна жогорулабайт. Ал эми “Кумтөр” маселеси өлкөбүздүн пайдасына чечилет деген ойдомун. Эң негизгиси өлкөдө тынчтык болсун”,- деди. Ошондой эле өлкө башчы Ысык-Көлдөгү туризмдин келечеги тууралуу да оюн билдирип, анын өлкө экономикасына кошо турган салымын да белгиледи.