КҮНСЕРЕП: "Балашка" менен ажонун айтышы бийликте кырдаал жакшы эместигин ачыктады (толукталды)

Бүгүн, 7-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жанар Акаев менен Алмазбек Атамбаевдин айтышуусу акыркы күндөрү интернет айдыңында кызуу талкууга алынып жатат. Себеби бул окуя – көнүмүшкө айланган оппозиция менен бийликтин акыясы эмес, элестетип айтканда, бул окуя – КСДПнын төрүндө отурган аксакалы менен чабарман жигитинин “чабышуусу”. Президент Алмазбек Атамбаев адегенде Убактылуу өкмөттөгү санаалаштарынан кол үзсө, кийин анын фракциясы Жогорку Кеңештеги коалицияны кайра куроо менен “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” сыяктуу өнөктөштөрүнөн кол жууду, эми болсо колунда турган командасында агынан жарылгандар пайда болуп, мамлекет башчы менен өзү айткандай “балашканын” айтышы бийликчил партиядагы кырдаал жакшы эместигинен гана кабар берет.

“Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” деген окуя мындайча башталды: 2-ноябрь күнү журналист катары элге таанылган учурдагы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев мамлекеттик медиа каражаттары аркылуу бийликке сын айткандарды каралоону токтотууга чакырган. “Туура эмес жолго түштүң” деп акырайгандын ордуна “балким, биз туура эмес жолго түштүк” дегенди ойлонуу керек” деген эл өкүлү. Акаевчи, бакиевчи деген сөздөрдү абайлап колдонууну айтып, андан ары "Дал ушул адамдар өнүгүүгө, өзгөрүүгө тоскоолдук жаратып жатышабы?" деп суроо салды. Депутаттын ал сөзү кимдин дарегине айтылганы түшүнүктүү эле. 2 күндөн кийин Атамбаев журналисттер менен жолугушуу учурунда: “Биздин бир жаш балабыз “Акаев менен Бакиевдин эмне залакасы бар?” деп айтыптыр. Ал "балашка" билбейт го, анткени анын шайлоодогу каражатын биз көтөрүп бергенбиз”, - деген каарданган сөздөрүн айтты. Жанар Акаев ошол эле күнү президентке “Падышалар жолду эч качан көрүшпөйт, Көрөйүн дейт, жандагандар көнүшпөйт. Жолду көрбөй жок болушат акыры, Жолду көргөн падышалар өлүшпөйт” деген билдирүүсү менен жооп кылды.

Президент жогорудагы сөзү менен мамлекетибиздин Баш мыйзамын бузганын далилдеди. Конституциянын 63-беренесинде “президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот” деп жазылган...

Референдум демекчи, президент Алмазбек Атамбаев өзү Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатканын мойнуна алды. Конституциянын 114-беренесине ылайык, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси менен чыгуу укугу Жогорку Кеңеште жана 300 миңден кем эмес кол топтолгон шайлоочуларда бар. Президентте мындай укук жок. Ушул эле беренеде Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды окуулардын ортосунда 2 ай аралык менен кеминде 3 окуу өткөрүлгөндөн кийин кабыл алууга жөнөтүлөт деп жазылат. “Референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорунун кароосунда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу документтер шашылыш каралып жатканын айткан. “Референдум жөнүндөгү” мыйзамга президент 31-октябрда кол койсо, “Референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбооруна 4-ноябрда кол койду. Окуулар жана кароолор алдын ала жазылган пландай, тыкыр жана тез өттү. "Мен мыйзам жазып жүргөн адам катары айтып коёюн, аталган 1 ай ошол мыйзам баарына жеткиликтүү болуп, коомго сиңиши үчүн белгиленген" деген Текебаевдин түшүндүрмөсү да суу кечпей калган. Көрсө, Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн коомго жеткиликтүү болушу деле бийликке, анын башында турган Алмазбек Атамбаевге керек эместей...

Бүгүн Маалымат жана басма сөз күнү. Улуу Британиянын саясатчысы Жон Энох Пауэлл “басма сөзгө даттана берген саясатчы – бул толкундарга даттана берген капитан сыяктуу эле” деп айткан. Сөз эркиндиги бар гана өлкөдө жаап-жашырылган эмес, ачык-айрым, артты көздөй кетүү эмес, алга карай өнүгүп-өсүү болот. Учурдагы өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхына үңүлүп карай турган болсок, анын ар бири сөз эркиндигин баалуулуктардын пири катары туткан. Кыргыз мамлекетин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алкагында күчтүү жарандык коому жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардыгы менен макташат. Бирок азырынча... Француз жазуучусу Альбер Камю “Эркин басма сөз жаман же жакшы болот, бул туура. Бирок эркин эмес басма сөз бир гана жаман болот деген андан да туура” деп айткандай, кыргыз коомчулугу бир гана жаман жолго түшүүнүн баасын жана анын кесепетин эки жолку ажону тактыдан кулатуудан улам жакшы билет...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан