Чек арадан инисинин паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

“Ак-Тилек унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан тууганынын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү аталган көзөмөл-өткөрүү бекетинен башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген жаран токтотулган. Текшерүү иштеринин жыйынтыгында паспорт кармалган жарандын инисине таандык экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriotkgz93
2016-11-08 18:35:22
Мындайларга кандай жаза берилет? Же штраф элеби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан