"Мен 2-мөөнөткө президенттикке барбайм",- деп билдирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев. Ал мындай пикирин бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, облус активдери менен болгон жолугушууда билдирди. “Мен президент болуп турган маалда шайлоолор таза жана ачык өтүшүн көзөмөлгө алам. Бул үчүн айрым мыйзамдарды өзгөртүү жана көп каражат талап кылынышы мүмкүн, бирок биз бул кадамга барышыбыз керек”,- деди мамлекет башчы.