Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн жаңы курамы жана программасы менен таанышат

Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда өкмөттүн жаңы курамы жана программасы тууралуу маалымат берилет. Бул маселени комитеттин жыйынында кароону парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн лидери Иса Өмүркулов сунуштады. Комитет мүчөлөрү анын сунушун колдошту. Депутат Чолпон Жакупова өкмөттүн программасы комитет мүчөлөрүнө эртерээк берилиши керектигин айтты.

Эскерте кетсек, 24-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП фракциясы чыгып, артынан өкмөт отставкага кеткен. 4-ноябрда жаңы коалиция түзүлүп, ага КСДП, "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракциялары кирген. Бул коалиция премьер-министр кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштаган. Өкмөттүн курамында төмөнкү өзгөрүүлөр күтүлүүдө:

– биринчи вице-премьер-министр – Сапар Исаков (КСДПнын квотасы)

– социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова же Алмазбек Токторов (“Кыргызстан”)

– билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (“Кыргызстан”)

– эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова (“Кыргызстан”)

Ал эми калган чиновниктер өз кызматтарында калмакчы. Алар:

– премьер-министр – Сооронбай Жээнбеков (КСДП)

– экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов (КСДП)

– чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков (КСДП)

– өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Акылбек Осмоналиев (КСДП)

– тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (КСДП)

– маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков (КСДП)

– транспорт жана коммуникациялар министри – Замирбек Айдаров (КСДП)

– ички иштер министри – Кашкар Жунушалиев (КСДП)

– юстиция министри – Жылдыз Мамбеталиева (КСДП)

– каржы министри – Адылбек Касымалиев (КСДП)

– экономика министри – Арзыбек Кожошев ("Кыргызстан")

– өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов (КСДП)

– саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев (КСДП)

– айыл чарба жана мелиорация министри кызматына талапкер аныктала элек (“Бир болдун” квотасы)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан