Казакстандын Алматы облусуна караштуу Даулет айылынын 33 жаштагы тургуну "аялын хиджаб кийүүдөн баш тартканы үчүн бычактап өлтүргөн" деп айыпталууда. Окуя 31-октябрда болгон, бирок шектүү ушул убакытка чейин кармала элек.
Каза болгон келиндин апасынын айтымында, кызы эки баласын алып, "намаз окубайм жана хиджаб кийбейм" деп ата-энесиникине кетип калган.
"Ал кызымды аябай катуу урчу. "Мен сага хиджаб кийгизем. Эгер кийбесең, сени курмандыкка чалам" деп айтчу. Биздин көзүбүзчө эле кызыбызды өлтүрүп кетти. Аны токтотуп калууга биздин күчүбүз жеткен жок", - деген каза болгон келиндин апасы.
Маркумдун туугандарынын айтымында, кылмышка шектүү Бактыбай Болатбаев сириялык радикалдардын социалдык тармактардагы видеолорун көп көрө баштаган. Ошондой эле ал “жихадга” кетүүнү каалап жүргөн.
Каза болгон келин буга чейин укук коргоо органдарына “жолдошум урат” деп бир нече жолу кайрылганы белгилүү болду. Алар 6 жыл мурун турмуш курушкан.