Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17,2 миллиард метр кубду түзүүдө

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 17 миллиард 251 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 223 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 441 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда Токтогул суу сактагычында 12 миллиард метр кубдан ашык суу бар болчу.

Айта кетсек, 2-ноябрь күнү суу сактагычта 17 миллиард 342 миллион метр куб суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан