Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева "Бишкек 2" темир жол бекетинде болуп, ал жерден Орусияга сапар тартып жаткан кыргызстандыктар менен баарлашып, бекеттеги жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты менен таанышып чыкты. Эл өкүлү чет өлкөгө жөнөп жаткан айымдарга өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле Кадыралиева бекеттеги санитардык эрежелердин туура сакталышын да көңүлгө алды. “Жакында эле Орусия тараптын демилгеси менен Дүйшөмбү-Москва темир жол каттамы жабылды. Буга жүргүнчү ташыган поезддердин санитардык талаптарга жооп бербегени себеп болду. Бизге да ушундай мамиле болбосун, кыргызстандыктар мындай көйгөйгө туш келбесин деген ойдо бул жерге келдим. Негизинен жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты жана санитардык абал жакшы экен, бирок мен анча канааттанган жокмун. Себеби карапайым калкты татыктуу тейлөөгө жетишпеген жагдайлар бар. Мисалы, жүргүнчүлөр кете турган поезддерде дааратканалардын абалы, тамактануучу жайлардын абалы начар экен, бирок биз күткөн абалдан алда канча жакшы экендиги мени кубантты. Орусиянын талаптарына жетишерлик деңгээлде жооп берет экен”,- деди эл өкүлү. Депутатты темир жол бекетинин жетекчилиги коштоп жүрдү.