Бишкекте 5-ноябрь күнү күйүүчү-майлоочу каражаттарды сактаган кампада чыккан өрт электр зымдарынын чукул тийишүүсүнөн же адамдын этиятсыздыгынан келип чыккан болушу мүмкүн. Бул болжолдуу себептер. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин башчысы Нуржан Осмоналиев маалымат жыйынында билдирди.
"Өрт 2,7 миң чарчы метр аянтты ээлеген. Канча чыгым болгону азыр так эмес. Жалпы 500 тонна күйүүчү-майлоочу май күйгөн.
5-ноябрь күнү саат 20:35те чоң өрттүн кесепети чектелген. Бул деген башка объектилерге өрттүн таралуусуна жол берилген жок дегенди билдирет. Ал эми эртең менен 8:25терде өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат. Учурда өрт электр зымдарынын тийишүүсүнөн же адамдын этиятсыздыгынан келип чыккан болушу мүмкүн деген версиялар каралып жатат", - дейт Н.Осмоналиев.