Индиянын Бихар штатында Күн кудайы деп аталган Сурианын майрамындагы кырсыктын кесепетинен 21 киши курман болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 8-ноябрда жазып чыгышкан.
Кырсык 7-ноябрь күнү Суриа кудайына арналган Чхатх-пуджа фестивалынын акыркы күнүндө болгон.
"Ошол күнү сыйынуучулар көлмөнүн жээгине келип, күндүн нуру менен учурашып, Күнгө сыйынышкан. Самастипур районунун сыйынуучулары жанында темир жол бар көлмөнүн жээгине чогулушкан. Катуу ылдамдыкта келе жаткан поездге бир чоң киши жана эки кичинекей бала урунуп каза болгон. Мындан тышкары башка райондордо эртең мененки сыйынуу убагында 18 адам сууга чөккөн", - деп жазылат маалымат булактарында.
Диний майрамдарды майрамдоодо жана фестивалдарды өткөрүүдө Индияда кырсык көп катталат. Сентябрь айында акылман Ганеша кудайынын фестивалында өлкөнүн ар кайсы бурчунан 28 киши курман болгон. Алардын баары сууга жуунтуу каадасында чөгүп кеткен.