Бүгүн, 8-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Коалициялык көпчүлүк парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине өкмөттүн жаңы курамын сунуштады. КСДПнын лидери Иса Өмүркулов маалымат берди, министрлер кабинети жаңы 7 кадр менен толукталууда. Социалдык иштер боюнча вице-премьер-министрликке Чолпон Султанбекова ("Кыргызстан" фракциясы), билим берүү жана илим министри кызматына Гүлмира Кудайбердиева ("Кыргызстан"), эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине Таалайгүл Исакунова ("Кыргызстан"), транспорт жана жол министрлигине Жамшит Калилов (КСДП), ички иштер министрлигине Улан Исраилов (КСДП), юстиция министрлигине Уран Ахметов (КСДП), айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри кызматына Нурбек Мурашев ("Бир бол") көрсөтүлүүдө. Жалпы алганда жаңы өкмөттөн КСДП фракциясы 14, "Кыргызстан" 3, "Бир бол" 1 кресло ээлейт. Сырттан караганда коалицияга кирүүдөгү "соодалашуу" "Кыргызстан" менен "Бир болго" бийликте болуу мүмкүнчүлүгүн деле бербегени көрүнүп турат. 18 жогорку кызматтын 14ү КСДПда калат. Мындан тышкары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Эсептөө палатасынын башында КСДПнын адамдары. Күч түзүмдөрүнүн дээрлик баарынын, мекемелерден каржылык мыйзам бузууларын таап чыкчу палатанын жетекчилигинде Атамбаевдин адамдары. Бул бүгүнкү күндө бийлик бир колго жыйналганынын далили. 2010-жылы бийликтин бир адамдын колуна топтолгонуна нааразы эл көтөрүлүп чыгып, ошол режимден кутулуу үчүн адамдар өмүрүн беришкен. Ошондогу үмүттөр, максаттар бүгүн уурдалып кетти десе болот. Аталган эки фракция коалицияга кирүүгө кантип макул болгону белгисиз. Атамбаевдин командасынын "силерге тийбейбиз" деген убадасын алыш үчүн кириштиби? Колунда Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жана башка таасирдүү органдары бар бийлик каяша сүйлөгөндөргө кантип "эски иштерди" жандандырарын учурда болуп жаткан окуялар көрсөтүүдө. Конституцияны өзгөртүүгө каршы депутаттар Каныбек Иманалиев жана Канат Исаевге күтүүсүз прокуратуранын кызыгып калуусу мунун далили.
Президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрлары эми өкмөттүк түзүмдү "гүлдөткөнү" жатышат. Ички иштер министрлигине талапкер Улан Исраилов азыркы учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы болуп иштейт. Аталган кызматка дайындалганына 9 ай гана болду. Ал жөнүндө көпчүлүктүн маалыматы жокко эсе. Башында УКМК төрагасынын орун басарлыгына дайындалганын укса, бүгүн министрликке талапкер экенин укту, мындан башка анын элге өтөгөн эмгеги тууралуу коом кабарсыз. Президенттик шайлоо жакындап жатат, президенттин командасы ИИМ башчылыгын бекемдеп алуусу керек. Анын үстүнө ИИМдин азыркы жетекчиси Кашкар Жунушалиев менен бийликтин мамилесине доо кеткени жөнүндө маалымат Атамбаев-Текебаев тиреши күчөгөн маалда тараган эле. Бийликтин укук коргоо тармагындагы өзгөртүүлөрүнө макул болбогон Жунушалиев кызматын тапшырып бергени жатканы айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган. Шайлоо алдында бийликке принципиалдуу генерал эмес, айтканды айткандай жасаган тил алчаак кадр керек. Улан Исраилов мурда ИИМ түзүмдөрүндө иштеген, бир кезде азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштегени айтылып жүрөт. Демек, өлкө башчысынын жакын адамы, шайлоодо президенттин командасына берилип кызмат кылып берчү кызматкер. Ал эми КСДПнын атынан Юстиция министрлигине сунушталган Уран Ахметов деле бийликке жат киши эмес, президенттик жана өкмөттүк аппаратта иштеген. Транспорт жана жолдор министрлигине сунушталган Жамшит Калилов учурда "Кыргызжолтрансдолбоор" институтунун башкы директору. Атамбаевдин командасы бийликтин бардык тармагын, айрыкча күч түзүмдөрү, прокуратура, Эсептөө палатасы өңдүү көзөмөл жүргүзүүчү органдардын баарын ээледи. Бул команда жасалбаган иштердин баарын эски президенттерге шылтаганды токтотуп, элдин жашоосун оңдошу керек. Өлкөнү өнүктүрүү жоопкерчилиги бүгүн толугу менен Атамбаев жана анын командасында. Эски-жаңысы аралашкан чиновниктерди Жогорку Кеңеш эртең дагы бир жолу шайлайт...