Кечээ, 7-ноябрда Ош шаарынын "Келечек" базарынын жанында өрт чыгып, Өрт өчүрүү кызматы келбей жатканы тууралуу кабарланган. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Нурбек Абдраимов ал өрт маалымат түшкөн соң жарым сааттай аралыкта өчүрүлгөнүн SUPER.KG порталына бүгүн, 8-ноябрда кабарлады.
"Алишер Навои көчөсүндөгү "Шанхай" кафеси өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат саат 15:54тө түшкөн. Ал көчөдө бир нече Өрт өчүрүү кызматы бар болгондуктан, кызматкерлер ошол замат кырсык болуп жаткан жакка жетип барышкан. 2 өрт өчүрүүчү унаа менен барган бөлүм өрттү саат 16:35те өчүргөн. Имараттын 100 чарчы метр пластикалык шыбы күйүп кеткен. Азырынча өрттүн эмне себептен чыкканы тактала элек", - деди Абдраимов.