Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо аяктап, учурда добуштарды саноо жүрүп жатат. Шайлоонун жыйынтыгы жакын арада жарыяланары күтүлүүдө. Алдын ала жыйынтыктары боюнча, Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп анын атаандашы Хиллари Клинтондон (Демократиялык партия) алдыда: Трампка 137 тандоочу добуш берсе, Клинтонго 104 тандоочу добуш берди. АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн 270 тандоочунун добушуна ээ болуу жетиштүү.
Айта кетсек, АКШда президент шайлоочулардын добуштарынын саны менен эмес, штаттардын көпчүлүгүнүн колдоосу менен аныкталат. Шайлоо эки тепкич менен өтөт. Башында жарандар бир гана талапкерге эмес, тандоочуга да колдоосун көрсөтүшөт. Андан соң шайланган тандоочулар президенттикке талапкерге добуш беришет. АКШнын ар бир жараны тандоочу боло алат, көп учурда тандоочу белгилүү адамдар болушат. Жалпысынан 50 штаттын ичинен 538 тандоочу шайланат.