Лейлек районунда сел калдыктарына толуп калган канал толугу менен тазаланды

Лейлек районунда сел калдыктарына толуп калган канал толугу менен тазаланып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Лейлек районунда 4-ноябрь күнү саат 00:30 чамасында Кулунду айылынын Кушлуксай аймагында кар аралаш жааган нөшөрлүү жамгырдан улам сел өтүүчү каналында сел жүрүп, натыйжада каналдын 70 метр аралыгына сел калдыктары толгон.

"Кечээ 8-ноябрда Кушлуксай каналынан 2 миң чарчы метр кум-шагыл тазаланып, жумуш толугу менен аяктады. Кесепеттерди жоюу үчүн Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынан жана жергиликтүү ишканадан тиешелүү техникалар тартылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан