Ак-Талаа районунда жазында сугат суу менен камсыз болгон жаңы дың жерлер өздөштүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда SUPER.KG порталына Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Абдымалик Сулайманов билдирди.
"Райондук администрация жаңы дың жерлерди өздөштүрүү аракеттерин көрүп жатат. Тоо тараптан агып келип Нарын дарыясына куюп жаткан Ак-Сай суусунан пайдаланып, суу тартууга жетиштик. Атайын таш каналдар курулду. Өлкөнү өнүктүрүү долбоору аркылуу 103 миллион сом каражат жумшалып, Коңорчок айыл аймагында 630 гектар жаңы дың жер сугат суу менен камсыздалды. Бул сумманы Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба департаменти Каржы министрлиги аркылуу каржылап берди", - деп билдирди Сулайманов.
Ак-Талаа районунун акиминин орун басарынын маалыматына ылайык, долбоордун жыйынтыгында кошумча 260 гектар жерге суу берүү жакшырган.