"Ысык-Көлдү коргоо тууралуу мыйзам кабыл алуу керек". Мындай сөздү коомдук ишмер Бейшенбек Акунов бүгүн, 19-апрелде өлкө башчысынын Ысык-Көл облусунун активдери менен жолугушуу учурунда айтты. “Экология маселеси курч бойдон турат, тийиштүү мыйзам кабыл алуу зарыл. Көл өзүнөн өзү тазаланып калбайт. Жаңы мыйзамда көлдү тазалоо боюнча пансионаттар үчүн бардык талаптарды жана жол-жоболорду жазып чыгуу кажет”,- деди Акунов. Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев мындай сунушту колдоду. “Көл бирөө эле, аны коргоо мыйзамы керек. Кийинки жылы бул багыттагы ишти баштайбыз. Көлдү сактоо жана коргоо боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрөбүз”,- деди президент Атамбаев.