Парламентте 9-ноябрда жаңы өкмөттүн курамы жана программасы каралып жатат. Премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков баяндама жасап, программасы, өкмөттүн буга чейинки иштери тууралуу маалымат берүүдө. Депутаттар менен премьер, вице-премьер жана министрликке талапкерлердин ортосунда суроо-жооп орун алат, андан кийин жаңы курамды шайлашат.
Эске салсак, өкмөт 24-октябрда Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП чыккандан кийин отставкага кеткен.