Биз социалдык тармакта

Бүгүн кыргыз футболчулары жолдоштук беттеште Филиппинге каршы ойношот

Бүгүн кыргыз футболчулары Филиппинге каршы ойношот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолдоштук беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө Манила шаарындагы "Ризал Мемориал" стадионунда орун алат. Кыргыз футболчулары бул оюнга ак түстөгү форма кийип чыгышат.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасы менен Филиппин өлкөсүнүн футбол боюнча курама командалары Бишкекте бет келишкен. Анда оюн 2:1 эсебинде аяктап, кыргыз футболчулары жеңилүү ызасын тартышкан.

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтинги боюнча өлкөбүздүн курама командасы 99-орунда турса, Филиппиндин курама командасы 124-катарда экенин айта кетели.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
oroskulov1988
2016-11-09 17:25:56
ffkr.kg сайтынан коро аласыздар
0
oroskulov1988
2016-11-09 18:12:40
10 митут 0-0
0
Nurik.1100
2016-11-09 18:22:32
Кабарлап тургулачы туугандар
0
oroskulov1988
2016-11-09 18:26:59
0-0 25 минут
0
tynkatar03
2016-11-09 18:29:38
Азырчы???
0
oroskulov1988
2016-11-09 18:30:26
0-0
0
oroskulov1988
2016-11-09 18:30:47
28 минут
0
Nurik.1100
2016-11-09 18:39:17
Кайак устомдук кылууда
0
Patriot..kg
2016-11-09 18:39:55
0-0 биздикилер гол сайса жаратпай койду
0
oroskulov1988
2016-11-09 18:40:15
биздикилер момент 5-6 жолу болду
0
oroskulov1988
2016-11-09 18:40:59
1 салган эле жаратппай койду
0
oroskulov1988
2016-11-09 18:50:20
1 тайм 0-0
0
Nurik.1100
2016-11-09 19:52:21
Emne boldu?
0
oroskulov1988
2016-11-09 19:57:52
0-1 утулуп калдык
0
Batken97
2016-11-09 20:00:06
Жакшы оюношту ийгилик Алга Кыргызстан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан