Парламентте "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" фракциясы оппозицияда калганын расмий жарыялады. Бул тууралуу аталган фракциялардын лидерлери Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында билдиришти. "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев фракциясы конструктивдүү эмес, альтернативдүү фракция болорун эскертип өттү. Ал эми коалицияда КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракциялары болот. Коалиция сунуштаган жаңы өкмөт бүгүн парламент тарабынан шайланат.
Өкмөттүн сунушталып жаткан курамы мындай:
- премьер-министр – Сооронбай Жээнбеков (КСДП)
- биринчи вице-премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев (КСДПнын квотасы)
- экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов (КСДП)
- чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков (КСДП)
- социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова (“Кыргызстан”, буга чейин Гүлмира Кудайбердиева болгон)
- билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (“Кыргызстан”, буга чейин Эльвира Сариева болгон)
- эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова (“Кыргызстан”, буга чейин Кудайберген Базарбаев болгон)
- өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Акылбек Осмоналиев (КСДП)
- тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (КСДП)
- маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков (КСДП)
- транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов (КСДП, буга чейин Замир Айдаров болгон)
- ички иштер министри – Улан Исраилов (КСДП, буга чейин Кашкар Жунушалиев болгон)
- юстиция министри – Уран Ахметов (КСДП, буга чейин Жылдыз Мамбеталиева болгон)
- каржы министри – Адылбек Касымалиев (КСДП)
- экономика министри – Арзыбек Кожошев (КСДП)
- өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов (КСДП)
- саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев (КСДП)
- айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев (“Бир бол”, буга чейин Турдуназир Бекбоев болгон)