Бүгүн, 19-апрелде “Ата Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында шаардын чек арасын кеңейтүү жөнүндөгү Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын кайрылуусу каралды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул боюнча Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаары менен Ноокен районунун ортосун 3 миң гектар аймак бөлүп турат. Шаар четиндеги дарыянын наркы жээгиндеги Ноокен районуна караган айылдардын тургундарынын балдары Таш-Көмүр шаарындагы мектептен билим алышат. Шаар милициясы дагы ал жерге көзөмөлдүк кылат. Бул аймактагы айылдардын жашоочуларына райондун борборунан алыс болгондуктан, Таш-Көмүр шаарына каттоосу алда канча ыңгайлуу. Мына ушундай жагдайларга байланыштуу Таш-Көмүр шаарынын аймагын 3 миң гектарга кеңейтүү маселеси жаралып отурат. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев СССР маалында аныкталган шаарлардын жана айылдардын чегин бүгүнкү күндүн талабына ылайык кайра тактоо керек экендигин, бул боюнча административдик-аймактык реформа жүргүзүү 2 жыл мурун көтөрүлгөндүгүн, республика аймагында Таш-Көмүр шаарынын мисалындагы талаш ички чек аралар көптүгүн белгилешти. Талкуунун жыйынтыгында фракция мүчөлөрү өкмөттүн административдик-аймактык реформа жүргүзүү ишин канааттандырарлык эмес деп баалап, өкмөткө реформалоо концепциясын алдыдагы июнь айына чейин киргизүүнү, Таш-Көмүр шаарынын аймагы сындуу маселелерге комиссия түзүп, комплекстүү чечүүнү тапшыруу чечимин кабыл алышты.