Өмүрбек Бабанов министрлер ушак сүйлөп, эркелеп кетишкенин билдирди

Парламентте депутат Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиевди депутаттардын артынан ушак сүйлөбөөгө чакырды. "Өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлердин айрымдары депутаттар андай-мындай деп ушактап жүрөт экен. Абылгазиев, сиз биринчи вице-премьер-министрликке татыктуу эмессиз. Президент өкмөттүн азыркы курамын колдоп жатат, ошого айрым министрлер эркелеп кетишти. Эркелөөчү убак бүткөн. Чек ара боюнча вице-премьерди калтырып, калгандарын жоюп салуу керек. 4 вице-премьер эмне иш кылат?" - дейт Бабанов.

Премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков вице-премьердин ушак сүйлөшү жакшы эместигин, эми мындай иштер болбой турганын айтты. Ал эми Абылгазиев эч кандай ушак сүйлөбөгөнүн, жетекчилер оозеки айтылып жаткан айың кептерге ишенбей, фактылар менен сүйлөөсү керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан