Нөшөрлөп жааган жамгырдан жана селден Албанияда үч киши набыт болду

Нөшөрлөп жааган жамгырдан жана селден Албанияда бери эле дегенде үч киши набыт болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, армия жана "Тез жардам" кызматтары жабыр тарткан райондун жашоочуларын башка жакка көчүрүүдө. Бийлик мектептерди бир канча убакытка чейин жапканга чечим кабыл алды.

“Албаниянын борбору Тирананын чоң жолу менен Дуррес портун суу каптаган. Андан тышкары сел чоң ишканаларды, завод, кампаларды каптап, кээ бир тоолуу райондордо бир канча көпүрөнү алып кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Мындай кырсык эми өлкөнүн түштүк бөлүгүндө да болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан