Кытайда заводдогу жарылуудан 1 адам каза болуп, 3 адам оор жаракат алды. Дагы 11 киши дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
“Окуя болгон жерден 1 адам курман болуп, дагы 3 адам жаракат алган. 11 адам дайынсыз жоголгон, 4 адам куткарылган. Өрт өчүрүүчүлөр, "Тез жардам" келип куткаруу иштерин жүргүзгөн. Полиция кызматкерлери жарылуу болгон жерди курчоого алышкан. Окуянын себеби азырынча аныктала элек”, - деп айтылат маалыматта.
Окуя 8-ноябрь күнү кечинде Аньхой провинциясынын Таншу шаарында болгон. Маалыматка ылайык, ал аскердик завод болгон.