Борбордо "ири суммадагы акча алып, бербей жүргөн" деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ милицияга арыз менен 37 жаштагы Ч.А. кайрылган. Анда ал 2015-жылдын январь айында Пакистан Республикасынын З. аттуу жараны анын ишенимине кирип 22 640 доллар акчасын алып, бербей качып жүргөнүн билдирген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Бишкекте убактылуу жашап жаткан 26 жаштагы З.У. аттуу жаран кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.