Депутат: "Өкмөттүн жаңы программасы 2013-жылдагы программасына коёндой окшош"

Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөттүн жаңы программасы 2013-жылдын апрель айындагы программага окшош экенин айтты.

"Мен салыштырып көрсөм, тексттер толугу менен коёндой окшош экен. Аны ким даярдады? Өкмөткө келчүлөр бул программаны окуштубу?" - деп сурады депутат.

Премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы программасын түзүүгө өзү жана өкмөт аппараты катышканын билдирди. "Мурунку программадан жакшы жагын алып, ишке ашкандарды чийип койдук. Абдан жакшы программа. Эгер аны ишке ашырсак, алдыга жылуу болот", - деди Жээнбеков.

Депутат Абдылдаев өкмөт аппаратындагы кызматкер эски программаны көчүрүп эле койгон жана өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлер бул документ менен таанышкан эмес деп шек санады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан