Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында өкмөттүн жаңы программасы, түзүмү жана курамы каралууда. Депутат Канат Исаев президенттик аппаратта кайсы партиялардын мүчөлөрү бар экенине кызыкты. Тиешелүү суроону ал президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевге узатты.
"Мен бир да партиянын мүчөсү эмесмин. Мыйзамга ылайык, президенттик аппараттын кызматкерлерине кайсы бир партиянын мүчөсү болууга тыюу салынган", - деп жооп берди президенттин өкүлү.
Андан соң депутат Исаев премьер-министрликке талапкер Сооронбай Жээнбековго кайрылып, КСДПнын төрагасы ким экенин сурады. "Сиз социал-демократтардын Саясий кеңешинин мүчөсүсүз. Партиянын төрагасы ким?" - деди депутат.
С.Жээнбеков бул суроого жооп берүүдөн баш тартты. "Мен бул жерде өкмөт башчы катары отурам. Партиянын өкүлдөрү жооп берсе туура болот го", - деди Жээнбеков.