Бишкекте 41 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Бишкекте 41 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 7-ноябрь күнү саат 19:30 чамасында Абдрахманов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинен шектүү жаран токтотулган. Өздүк тинтүү иштерин жүргүзүү маалында Бишкек шаарынын 41 жаштагы Т.К. аттуу тургунунун чөнтөгүнөн целлофанга оролгон гашиш табылган. Учурда аталган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asylbek1981
2016-11-09 15:38:11
хххххххх
0
Aiko_92_29_08
2016-11-09 15:47:38
Asylbek1981,о мунун каякта элен жакшы нерсе айтэын
+1
Aytur
2016-11-09 18:21:59
Балким чын балким калптыр ким билет азыр менттер экинин бирин подстава кылып жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан