Бишкекте "Планеталык атом модели" архитектуралык композициясы жасалды

Бишкек шаарынын Чүй кең көчөсүндө, Улуттук илимдер академиясынын маңдайында "Планеталык атом модели" архитектуралык композициясы орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

"Композиция Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын демилгеси менен орнотулду. "Бишкек башкы архитектура" ишканасы "Атом модели" объектиси боюнча шаар куруу корутундусун иштеп чыкты. Ал эми Муниципалдык менчик башкармалыгы 0,0825 гектар жер тилкесин бөлдү", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган композиция СССР убагында илимди өнүктүрүүнүн символу болгон.

"Жаңы конструкция заманбап жабдуулар менен даярдалып, жарыктандырылды. Эми кечкисин да көрүүгө болот. Моделди жасоо үчүн уюштуруучулар мурдагы сүрөттөрүн жана архивдерин колдонушту. Тилекке каршы, мурдагы атом моделинин өлчөмү жана чиймелери сакталып калган эмес", - деп кошумчалаган басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан