АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон президенттик шайлоодо утулганын моюнга алды. CNN маалымдагандай, Клинтон жеңүүчү болгон Дональд Трампка телефон чалып өзүнүн жеңилгенин айткан. АКШда 8-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо Республикачыл талапкер Дональд Трамп жеңүүчү болду. Жаңы президенттин ант берүү аземи 2017-жылдын 20-январына пландалууда.
Трампты президент болушу менен дүйнөлүк лидерлер куттуктап башташты. Орусия президенти Владимир Путин алгачкылардан болуп куттуктады. 2016-жылдын 1-августунда президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атада журналисттер менен жолугушууда ага "Кыргыз мамлекетинин улуттук кызыкчылыгы үчүн АКШнын президенттигине Дональд Трамп шайланганы жакшыбы же Хиллари Клинтонбу?" деген суроо берилген. Президент алардын биринин атын айтууга болбой турганын эскертип, "Башкасы шайланып калса эмне кылабыз?" деп күлкү менен жооп берген.