18-апрелде Нарын шаардык мэриясында “Мыкты аймак-2013” кароо-сынагын өткөрүү боюнча кеңешме болуп өттү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ага шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты. Сынактын максаты - Нарын шаарындагы аймактардын жана шаардын, санитардык жана маданий-эстетикалык деңгээлин жогорулатуу, спортту көтөрүү, өндүрүштү жандандыруу, коомдук тартипти чыңдоо. Мындан тышкары аймактагы элдин маданиятын, ынтымагын, биримдигин көтөрүү боюнча "Ыр кесе" өткөрүү да жобого камтылган. Белгилей кетсек, Нарын шаары 5 аймакка бөлүнөт, аймактарга мэриянын аппаратынан, мекеме-ишканалардын жетекчилеринен жооптуу кызматкерлер дайындалды. Кароо-сынактын байге фонду 500 миң сомду түзүп, 2013-жылдын сентябрь айынын ичинде жеңүүчүлөр аныкталат. Кароо-сынакты өткөрүүнү координациялоо жана жыйынтыгын чыгарууну шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин комиссиясы ишке ашырат.