Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Трамптын кыскача өмүр баяны төмөндө.
Толук аты-жөнү - Дональд Жон Трамп. 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорктун Куинс аймагында төрөлгөн. Ишкер жана саясий ишмер. Атасы Фредерик Трамп куруучу болуп иштеген. 13 жашынан тарта Дональд Трамп Аскердик академияда тарбияланган. Академиядан кийин Пенсильвания университетинин алдындагы Уортон бизнес-мектебин 1968-жылы бүтүргөн. ЖОЖду аяктагандан кийин атасынын компаниясында ишин баштап, 1975-жылы компаниянын президенти болгон. Өз алдынча ишке ашырган алгачкы долбоору - Манхэттенде курган бизнес-борбору. Трампты көпчүлүккө атактуу кылган долбоорлордун бири 1982-жылы ачылган Нью-Йорктогу 58 кабаттуу Trump Tower имараты. Анын Trump Parc, Trump Palace, Trump Plaza деген башка долбоорлору да белгилүү. АКШнын Лас-Вегас, Чикаго, Майами, Вашингтон шаарларында, Гавайи аралдарында, Панама, Торонто шаарларында мейманканалары бар.
2005-жылы Donald J. Trump Signature Collection деген аталышта кийимдер тармагын ишке киргизген. Бизнес жаатында бир катар китептердин автору. 2015-жылдын 16-июнунда Дональд Трамп президенттикке ат салышарын расмий жарыялаган. 2016-жылдын июлунда АКШнын Республикачыл партиясынын курултайында анын талапкерлиги бекитилген. Трамп 5 баланын атасы, учурда үчүнчү аялы менен жашайт. "Forbes" журналынын версиясы боюнча анын материалдык байлыгы 4,5 миллиард доллар. АКШдагы эң бай адамдардын катарында 113-орунда турса, дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында 324-орунда.
Трамптын жаш кези жана азыркы курагы.
Болочоктогу АКШ президенти
Трамп биринчи жубайы Ивана Трамп менен
Экинчи жубайы менен
Учурдагы жубайы Меланья Трамп менен
Атактуу ырчы, бийчи Майкл Жексон менен
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин Трамп абдан активдүү жүргүздү
Трамптын кымбат унааларынын бири. Lamborghini Diablo.