Бишкекте 20 жыл бою батирде жашап келген милиция кызматкери 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын алып, эртеси күнү инфаркттан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин өкүлү Медет Иманакунов билдирди.
"Каза болгон 44 жаштагы милициянын майору Нурлан Абдинасиров Ички иштер министрлигинин эксперт-криминалисттик бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенчү. ИИМде 20 жылдан бери эмгектенип келген. Буга чейин жүрөгү ооруп жүрчү экен. 31-октябрь күнү 207 милиция кызматкерине жаңы курулган батирлердин ачкычтары тапшырылган. Тилекке каршы, Н.Абдинасиров өзү ачкыч тапшыруу аземине катыша албай калып, жубайы келип катышкан болчу. Ал күнү ал ооруканага жатып калган экен. 1-ноябрда ал ооруканадан каза болуп калды. Дарыгерлер аны катуу сүйүнгөндөн улам инфаркт болгон деп билдиришти. Кесиптешибиздин артында 4 баласы жана жубайы калды", - деди Иманакунов.
Белгилүү болгондой, каза болгон милиция кызматкери 3-кабаттан 3 бөлмөлүү батирге ээ болгон. ИИМден билдиришкендей, батир маркумдун аялына жана балдарына калат.