Бүгүн, 9-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Сооронбай Жээнбеков баштаган министрлер кабинетине 112 депутат “макул”, 4 депутат “каршы” деп добуш берди. Бул жолку коалициялык өкмөттү КСДПнын же Атамбаевдин өкмөтү деп атаса жарашат. 1 вице-премьер жана 3 министрден тышкары өкмөттүн курамы жалаң КСДПнын өкүлдөрүнөн куралды. 1 вице-премьер менен 3 министр "бийликти КСДП биротоло басып алды" деген айыптоолорду болтурбаш үчүн эле кошулгандай элес калтырат.
Жаңы курамдын ичинен ИИМди жетектөөгө сунушталган Улан Исраиловдун талапкерлиги көп суроо жана нааразычылыктарды жаратты. Депутат Чолпон Жакупова “эң жөнөкөй суроолорума жооп алган жокмун” деп нааразы болсо, Өмүрбек Текебаев "ИИМ башчылыгына бийликтин жеке тапшырмасын аткарууга ишенимдүү адам тандалды" деп сын айтты. Эл өкүлү "бийликтин тапшырмасынын эң негизгиси - Текебаевди камоо" деген пикирде. Ички иштер министри болуучу адам өкмөттүн курамы канча адамдан турарын, милиция кызматында негизги кризис эмнеде экенин, аны жоюу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пландарын айтып бере албады. Сооронбай Жээнбеков “ал башкалардай оратор эмес, кооз сүйлөй албайт, бирок берилгендик менен иштейт, жыйынтык көрсөтөт” деп коргоого өттү. Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп иштеген, кийин Атамбаевдин кадры Абдил Сегизбаевдин биринчи орун басары болуп жүргөн Исраиловдун кимге берилгендик менен иштээрин түшүнүү кыйын эмес. Кадр тандоодо тажрыйба, компетенттүүлүк эмес, бийлик башындагыларга “өз бала”, “кол бала”, “ишенимдүү бала” сапаттары маанилүү. Учурда бийликте тургандар мурунку бийликтегилерди дал ушул негизде сындап келишкен, бирок бүгүнкү тажрыйба көрсөткөндөй, Ак үйдө дале ошол принцип өз өкүмүн жүргүзүүдө...
Депутат Канатбек Исаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди “мыйзамды одоно бузган” деп айыптап чыкты. Эл өкүлү өткөн аптада болуп өткөн Жанар Акаев менен Атамбаевдин кайым айтышын эске салды. Атамбаев “шайлоодо Жанар Акаевдин депутат болушуна каражатын төлөп бергенбиз” деген болчу. Бул сөздөр өлкө башчысы парламенттик шайлоо учурунда КСДПнын үгүт иштерине кийлигишкенин далилдейт. Ал эми Баш мыйзамдын 63-беренесине ылайык, президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот. Мына ушул беренеге таяп Канатбек Исаев президентти мыйзамды одоно бузду деди. Бүгүнкү күндө КСДП Кыргыз мамлекетинин башкаруучу кызматтарын ээлеп калганына да депутат Канатбек Исаев президентти айыптады. “Өлкө башчысы катары Алмазбек Атамбаев бир партияга жан тартпашы керек эле”, - деди эл өкүлү. Конституцияда жол берилбеген ишти жасап жатканын депутаттар эле эмес, Алмазбек Атамбаев өзү деле ачык айта баштады. Мисалы, Бишкекте милиция кызматкерлерине курулган батирлерди тапшыруу аземинде президент Конституцияны өзү өзгөртүп жатканын моюндаган. Конституция боюнча тыюу салынган укукту өзүнө ыйгарып алуу кылмыш, бийликти узурпациялоо болуп саналат. Депутаттар Чолпон Жакупова, Өмүрбек Текебаев бул тууралуу бийликке эскертип келе жатышат, бирок мындай коңгуроого бийликтин кулак салар түрү жок...
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болот. Кечээ, 8-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо өтүп республикачы Дональд Трамп демократ Хиллари Клинтонду басып өттү. Миллиардер Трамптын жеңиши басымдуу көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Ал "өлкөнү мыйзамсыз жүргөндөрдөн тазалайм, Мексика менен АКШнын чек арасына дубал тургузуп, ал жактан агылган мигранттардын агымын токтотом, чет элдик мусулмандарга АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салам" деген өңдүү чырдуу убадалары менен белгилүү. Кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ким президент болуп шайланбасын Кыргыз өлкөсү АКШ менен кызматташууга даяр экендигин билдирди...