Ысык-Көл. VII-IX кылымга таандык рун жазуусу бар таш табылып, музейге берилди

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын түштүк-чыгыш тарабынан, тактап айтканда, "Каракол" лыжа базасына жакын жерден рун жазуусу бар таш табылды. Мындай маалыматты Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ага окутуучусу, түрколог Акыл Исмаев кабарлады. Бул ташты түрколог Исмаев башында турган 5 адамдан түзүлгөн атайын топ тапкан. Таштагы жазууну профессор Кубат Табалдиев менен доцент Таалай Абдиев окуп, чечмелеп жатышат. Азырынча таштагы жазуулар эмнени түшүндүрөрү белгилүү боло элек. Табылган буюм VII-IX кылымга таандык экендиги айтылууда жана ал Каракол шаардык тарых музейине тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан