Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Андарак айылында селге каршы тосмолор коюлду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Эскерте кетсек, Лейлек районунда 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү саат 01:00гө чейин жааган жамгырдын кесепетинен Каслук сайынан сел жүргөн. Натыйжада сел 1 турак үйдүн ичине, 5 турак үйдүн короолоруна кирген. Ошондой эле Кулунду-Раззаков каналынын 50 метр аралыгына сел калдыктары толуп калган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.