Депутаттар "Биз Орус драма театры менен биргебиз!" аттуу марафонго катышты

Бүгүн, 19-апрелде депутаттар Асия Сасыкбаева, Эркингүл Иманкожоева, Гүлнара Жамгырчиева, Абдыманап Кутушев Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрына колдоо көрсөтүү максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган "Биз Орус драма театры менен биргебиз!" аттуу кайрымдуулук марафонуна катышып, кыргыз парламентинин атынан 200 миң сом өлчөмүндө көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. А.Сасыкбаева залкар жазуучунун ысымын алып жүргөн Орус драмтеатры эң башкы улуттук маданий очоктордун бири экендигин баса белгиледи. “1935-жылдан бери үзүрлүү иштеп жаткан бул театрда улуттук чыгармалардан тарта дүйнөлүк классикага чейин коюлуп, жарандарыбыздын көркөм табитин калыптандыруу менен жан дүйнөсүн байытып келет. Заман каатчылыгына карабастан, театрдын актёрлор курамы мындан ары да ийгиликтүү иш жүргүзө турганына зор ишеним артабыз”, - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан