Өткөн суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аламүдүн районуна караштуу Арашан айыл аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда Панорама дачасында 200 чарчы метр турак үйдүн темир менен жабылган чатыры, курулуш чарбасынын чатыры жана үй мүлкү толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.