Депутат наристелерге эмчек эмизүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина наристелерди эмчек сүтү менен багууга чакырды. Анын айтымында, жасалма сүттөр наристенин ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн.

"Парламенттин 4-чакырылышы катуу каршылыкка карабай тиешелүү мыйзамды кабыл алган, бирок бул мыйзам көзөмөлдөнбөй калган. Төрөтканаларда медицина кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайларга жасалма сүт беришүүдө. Мындан улам балдардын аллергия менен ооруп калганы боюнча фактылар бар. Саламаттык сактоо министрлиги бул маселе боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүшү зарыл. Наристе үчүн эмчек сүтү эң мыкты сүт болуп саналат", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан