Өзбекстан аймагында кыргыз ишкерлеринин товарлары жүктөлгөн вагондор өткөрүлбөй токтоп турат. Бул тууралуу 10-ноябрда депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат быйылкы жылдын сентябрь айында да Өзбекстан аймагында кыргыз ишкерлерине тийиштүү 300 вагон токтотулуп, көп ишкерлер жабыр тартканын белгилейт.
"Азыр дагы дал ошондой абал түзүлүп, Өзбекстан аймагында ишкерлердин товарлары жүктөлгөн вагондор токтоп турат. Кыргыз-өзбек мамилеси жакшырып бара жатканын айтып жатабыз. Ага карабай көп ишкерлер жабыр тартууда. Мындай абал өлкө экономикасына да терс таасирин тийгизип жатат", - дейт депутат.