SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Адамдын мүнөзү тууралуу" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Ар бир адам кыялын өзгөртсө болот деп ойлойм. Кыжыр кайнаткан кыялы бар адамдар болот, мисалы, көк беттик, таарынчаактык. Сиздерге кандай кыялы бар адамдар жакпайт? Балким, ошондой кыялдар болсо, оңдогонго аракет жасаганга себеп болчу кеңештер жазылып калар".
"Ар бир адамдын мүнөзү, кыялы ар башка болот эмеспи. Мен өзүмдүн токтоолук, сабырдуулук сапатымды баалайм. Ал эми алсыз жагым - уялчаактык мүнөзүм. Ошол мүнөзүм өзүмө жага бербейт, канча күрөшсөм да арыла албай жатам. Өзүм көк бет, сабырсыз, мактанчаак адамдарды анча баалабайм, ошондуктан андай адамдардан алысыраак болууга аракет кылам. Адам өзүнүн кемчиликтеринин үстүндө иштесе, сөзсүз терс сапаттардан арылса болот деп ойлойм".
"Мен өзүмө жакпаган мүнөзүмдөн арыла албай жүрөм. Достор арасында, үйдөгүлөрдүн алдында да аябай эркемин. Дайым күлүп жүрөм, эч нерсени ойлобойм, бирок мен андай болгум келбейт. Токтоо, ашыкча эркелебеген, күлбөгөн, түнт, сүрдүү адам болгум келет. Канча аракеттенип жатам, бирок өзгөрүлө албадым. Жашым менен чоң адамдар катарына кошулганым менен, мүнөзүм жаш баланыкындай".
"Негизи, "менин мүнөзүм ушундай" деп башкага таңуулаган болбойт. Мүнөзгө шылтап өз кызыкчылыгын ойлогондорду көп жолуктурам. Мүнөзүңдү жакының гана түшүнбөсө, башкасы көтөрө албашы анык. Эмоциясын башкара алган акыл-эстүү адам мүнөзүн да керек жерде жөндөп коё алат".
"Ар бир адамда оң жана терс мүнөз болот. Кээ бири шартка жараша мүнөзүн алмаштырып турат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.