Жашоого мүмкүн деп болжолдонгон жаңы планета табылды

АКШнын НАСА уюмунун астрономдору ааламдан эки өзгөчө планета табышты. Аталган планеталар башка планеталардан айырмаланып Жерге окшош жана жашоого мүмкүн болгон шартта деп болжолдонууда. “Азырынча бул эки планетада кандай өзгөрүүлөр болору белгисиз, бирок алардын биринде абанын температурасы жылуу, ал эми экинчиси Жерге салыштырмалуу муздагыраак. Планеталар Кеплер 62 жылдызынын айланасында айланып жүрөт”,- деп билдирди астроном Лиза Катленгер. Изилдөөчүлөр планеталардын үстүнкү катмарында аба жана суу бар же жок экендигин изилдеп жаткан учуру. Буга чейин илимпоздор ааламда жашоого мүмкүн деп болжолдонгон бир нече планета табышкан. Бирок азырынча аларга учуп бара турган космостук кеме жасала элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан