Алмазбек Атамбаев Ошто оппоненттерин "эл бузарлар" деп атады

Президент Алмазбек Атамбаев 9-ноябрда Ош шаарынын тургундары менен жолугушууда айрым оппоненттерин "эл бузарлар" деп атады. Бул сөз өлкө жетекчиси тарабынан көп жолу айтылган, айтылып жатат.

"Эл бузарларды ээрчибегиле, ишенбегиле. Сөзүн уксаңар да, "Бул эмне иш кылды?" деп ойлонгула. Анткени саясатчылардын көбү сүйлөгөндө тим эле ишенип кетесиң. "Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" деген кыргыздын макалын эстегиле. Булар ышкырганды гана билишет. 5 жыл, 10 жыл, айрымдары 25 жылдан бери ышкырып жатат, аларга ишенгенди токтотолу", - дейт президент.

Алмазбек Атамбаев акыркы күндөрү расмий жолугушууларында, жасаган кайрылууларында оппоненттерин жамандоого атайын убакыт бөлүүдө. Элди бийликке жакпаган саясатчылардын сөзүнө ишенбөөгө чакырып, алардын колунан жакшылык келбесине элди ынандыруу менен алек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан