Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-ноябрда Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында иштегендер кыскартыларын билдирди. Баткенде иш сапары менен жүргөн президент аскер бөлүктөрүнүн биринин имаратынын ачылышында укук коргоо органдарын реформалоо тууралуу маалымат берди. Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлүп, үй менен камсыздалып жатканын, милицияда иштегендерге кам көрүү улантыларын убадалады. Атамбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлгөндөн кийин укук коргоо органдарын реформалоого шарт түзүлөрүн айтат. Азыр эмне тоскоолдук кылып жатканы айтылган жок.
Белгилей кетсек, Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган. Өлкөдө бул демилгеге каршылар көп.