КРнын Жогорку Соту бүгүн былтыркы Казакстандан алынып келинген уулуу көмүр боюнча айыпталып жаткан экс-энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевди, анын орун басары Кайрат Жумалиевди, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку директору Аман Тентиевди жана Бажы кызматынын кызматкери Аскар уулу Мирланды күнөөлүү эмес деп тапты. Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту аталган 4 адамды уулуу көмүрдү алып келүүдө күнөөлүү эмес деп таап, актап чыгарган. Андан кийин Бишкек шаардык соту да аталган жарандарды айыпсыз деп чечим чыгарган. Бүгүн Жогорку Сот ошол чечимди күчүндө калтырды.