АКШнын ири шаарларында республикачыл Дональд Трамптын президенттик шайлоодогу жеңишине каршы миңдеген америкалыктар нааразычылык акцияларына чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышты.
Чогулгандар шайланган президенттин аялдар жана мигранттар тууралуу айткан сөздөрүн сындап чыгышкан. Нааразылыктар Хиллари Клинтон гана уткан штаттарда эмес, Трамп уткан штаттарда да болгон. Буга чейин Клинтон жана Барак Обама тарапташтарын америкалыктардын тандоосун сыйлап, Трамптын жеңишин кабыл алууга чакырышкан.
Лос-Анжелесте нааразы болгон тургундар Трамптын карачкысын өрттөп жиберишкен. Акциялар көпчүлүк шаарларда тынч өткөнү менен, кээ бир шаарларда полиция кызматкерлери жашытуучу газ колдонушкан. Президенттик шайлоонун жыйынтыктары Мичиган штатынан бөлөк штаттарда чыккан, бул штатта учурда Трамп Клинтондон бир аз айырмачылык менен алдыда. Мичиганда да Трамп жеңсе, тандоочулардын 306сы добушун ага берген, Клинтон 232синин добушун алган болот.
Ошону менен бирге Клинтон шайлоочулардын добушунун 47,7 пайызын, ал эми Трамп 47,5 пайызын алган.
Трамп бүгүн, 10-ноябрда Барак Обама менен жолугууга Ак үйгө барары маалым.