Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл аймагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1934-жылы туулган Ч.А. 2015-жылдын 15-июлунда каза болгон. Бирок анын атынан Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызмат адамдары арыз жазышып, Ош шаарында дарыланууга жолдомо алышкан. Кийин жолдомону Н.Т. аттуу жаранга сатып жиберишкен.
Учурда “кызмат абалынан пайдалануу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.