Ленин райондук социалдык коргоо башкармалыгы 5 баласы менен жашаган жалгыз бой энени камкордукка алуу маселесин карайт

Бишкекте 5 баласы менен жолдошу таштап кеткен жалгыз бой эненин үй-бүлөсүн Ленин райондук социалдык коргоо башкармалыгы камкордукка алуу маселесин карайт. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталына Ленин районунун Социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Бүбүажар Мамбетсейитова билдирди.

"Биз бул 5 балалуу келин боюнча Нарын облусундагы жашаган дарегиндеги Социалдык башкармалыкка кат жиберебиз. Эгерде жашаган жеринен тийиштүү кызматтардан социалдык жардам албаса, анда биз тараптан жардам берүү жолдорун карайбыз. Ошол эле учурда балдарына Нарындан ала турган жөлөк пулдун төлөө мөөнөтү бүтсө, Ленин району аркылуу төлөөгө жардам беребиз", - деп билдирди Мамбетсейитова.

Эске салсак, 5 балалуу жалгыз бой эне Нурзат Жанузакова оор турмушта жашап жатканын билдирген.

Маалым болгондой, буга чейин Ленин райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Бүбүажар Мамбетсейитова район боюнча 608 аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөгө отун жана көмүр акысыз жеткирилип берилгенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eksvp_1
2016-11-10 17:01:57
Үй берүү керек кыргызга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан