Кыргыз Республикасында элдин жарымы Конституция өзгөртүлүп жатканын билбейт

Кыргыз Республикасынын жарандарынын дээрлик жарымы Конституцияга өзгөртүү киргизилип жатканы тууралуу билишпейт. Бул тууралуу "РИА Новости" “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” уюмуна шилтеме берүү менен бүгүн, 10-ноябрда жазды.

Маалыматка караганда, аталган уюм октябрь айынын аягында өлкө аймагында сурамжылоо жүргүзгөн. Анда сурамжылоого катышкандардын 54 пайызы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеленип жатканы боюнча маалыматы бар экенин, ал эми 46 пайызы ал демилге боюнча эч кандай кабары жок экенин билдиришкен.

Айта кетсек, 2-ноябрда Жогорку Кеңеш “Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзамды жактырган. Ага президент Алмазбек Атамбаев кол коюп, мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 2016-жылдын 11-декабрында өлкөдө референдум өтөт. Жалпы элдик добуш берүүгө "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
yrysbek
2016-11-10 17:21:12
Кыргыз Республикасында элдин жарымы Конституция өзгөртүлүп жатканын билбейт, эн туура. Билбейт Мисалга менин уйбулоомдо бир мен билем ошол сыяктуу калганы билбейт, себеби алар айыл жергесинде жашашат маалымат мага караганда аларга менчелик жетпейт и ала алышпайт (уй булоода 16 киши бар). Мен каршымын Конституциянын озгортулушуно эми калганынын оюдагы меникиндей болот баары каршы
+8
tatynam_88
2016-11-10 17:57:00
Кууп ийгилечи алмаз ХХХ
+7
admin_portal
2016-11-11 12:40:50
tatynam_88, Порталга жаргон сөздөрдү колдонууга болбойт!
0
kubat_73
2016-11-10 18:01:30
КТР какшап атат го элдин токсон проценти тушунот жана колдойт деп.Эсеби маселен мен жана мен тааныган жуздон ашуун адамдардын эч тушунугу жок экенбиз.Анан кайдагыны какшап атат кара жашик билбейм.
+5
azamat.k
2016-11-10 18:53:59
Бакиев келсе жакшы болмок,бул немеге караганда аабдан жакшы иш кылмак ичбей чекбей.Мен жана уй булом каршы конституц озгорушуно.Мындай жол менен отвечаю Кыргызстан онукбойт.Бийлик министр ж,б лар жалан СДПК дан куралды,бул деген соз АШАнын уй булосу дегенге барабар.
+1
Bahira
2016-11-10 20:35:16
Bizde da dal uwundai korunuw, menin Ata-jurtum dagy taga jurtum dagy kerek bolso baardyk taanywtarym kowunalarym kollektivderim karwy.Emi tochno piket kylat okwoibuz
+5
nur123456
2016-11-10 20:53:39
Жарымы билбесе билгендер каршы болсо анан кантип откором деп жатышат референдумдан отпой калат деп корпойт экенда булар
+3
temirov76
2016-11-11 08:58:15
nur123456,сен референдумда эл каршы болсо эле конституция өзгөрбөй калат деп ойлоп жүрөсүңбү,мынчп артта калгансың?
0
nursultanbek
2016-11-10 21:34:46
Мен да каршымын Конституциянын озгорулушуно Атамбаев Кыргыз Республиканын мыйзамын бузуп жатат !!
+4
bom.bon
2016-11-11 00:30:33
Элге тынчтык керек.озгорбосо деле ошол ошол жеп тойбостор.бирин бири чукубай мамлекетти ойлошпойт биримдикте болуп.
+2
Aidar.001
2016-11-11 03:11:36
Конституцияны озгортпой эле президентибиз мен озум мураскер калтырам десе болмок, бул жол менен азыркы бийлик
оздору каалаган адамды тактыга койуу жолдорун иштеп чыкканы жатканы жалпыга маалым болуп турат! !!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан