Бүгүн, 19-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунда иш сапары менен болду. Анын алкагында өлкө башчы мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштанбек Акматовго "КРнын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу менен, "Ак-Шумкар" өзгөчө белгисин тапшырды. “Таштанбек Акматов -иштерман адамдын мыкты үлгүсү. Мындай адамдар менен сыймыктанышыбыз керек. Анын мээнеткечтиги, эмгекчилдиги ар бир кыргызстандык үчүн үлгү болуп калууга тийиш. Ар бирибиз эмгекке Таштанбек Акматовдой мамиле жасасак, өлкөбүз тез эле бутуна туруп, Кыргызстаныбыз гүлдөгөн өлкөгө айланат”, - деди мамлекет башчы.